Башкы
>
Жаңылыктар
Ооган согушунун ардагерлери 20636 аскер бөлүгүндө
11.02.2025
108
2025-жылдын 11-февралында 20636 аскер бөлүгүндө Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылган күнүнө карата Ооган согушунун ардагерлери өздүк курам менен маек курушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ооган согушунун ардагерлери, согуштун катаал учурларын эскерип, өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Алар аскерлерге ошол учурдагы кырдаалды жана согуштук эрдиктер тууралуу айтып беришти.
Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө, өздүк курам ардагерлердин тажрыйбасына кызыгып, суроолорун беришти.