Башкы
>
Жаңылыктар
Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгү жаш жоокерлер менен толукталды
07.05.2024
5337
2024-жылдын 7-майында Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүндө Жазгы чакырык менен келген жаш жоокерлер аскердик ант беришти.
Салтанатуу иш-чара Балыкчы шаарындагы "Эне Бала" эстелигинин алдында өтүп, ага Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу, жаш жоокерлердин ата-энелери жана жакындары катышышты.
Иш-чара жаш жоокерлердин бир ай ичинде өздөштүргөн тактикалык эпизоддору жана концерттик программасы менен коштолуп, өздүк курамдын саптык жүрүшү менен аяктады.